Кой-Ташта бүгүн мобилдик Интернет байланышы дээрлик жок болуп жатат. Саат кечки төрттөн кийин телефон байланышы да үзгүлтүккө учуроодо.
Бир аз мурдараак «Азаттыктын» кабарчылары Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө күч түзүмдөрү кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдоно баштаганын, чогулуп тургандар аларга каршылык көрсөтүп жатканын маалымдашкан. Андан бери алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.
7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы президентти үйүнөн алып кетүү аракети көрүлдү, бирок ишке ашкан жок. Натыйжада ал жакка барган УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда тутанган кагылышуудан атайын кызматтын офицери курман болуп, дагы 51 адам түрдүү жараат алды. (BTo/SdZ)