Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү курчоого алынды


Атамбаевди кармоо операциясы. 7-август, 2019. Кой-Таш.
Атамбаевди кармоо операциясы. 7-август, 2019. Кой-Таш.

Милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын үйдүн сыртына сүрүп чыгарды. «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлап, үйдүн короосунда дээрлик киши калбаганын билдирүүдө. Айланасында топтошкон адамдар жок. Милиция короону көзөмөлгө алууда жана ал жакта дарыгерлер жүрөт. Үйдүн дарбазасын чопкутталган машине сүзүп кирди. Үй тараптан айрымдардын кыйкырган үнү угулууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн саат 16ларда башталган. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG