Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Милиция Бишкектен Кой-Ташка кетчү жолду бууп турат


Кой-Ташка кетчү жолдо тургандар. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Ташка кетчү жолдо тургандар. 8-август, 2019-жыл.

Бишкектен Кой-Таш айылына барчу автожол убактылуу жабылды. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, жол Көк-Жар айылынын тушунан тосулду.

Ал жерде жолду колуна калкан алган жана башка атайын каражат кийген милиционерлер тосуп турушат.

Учурда ал жерде үйүнө өтө албай турган жүргүнчүлөр топтолуп, нааразылыгын билдирүүдө.

Милиция бул убактылуу чара экенин айтууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG