Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кой-Ташка кошумча «Тез жардам» бригадалары жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таш айылына Чүй облусунун «Тез жардам» кызматынан алты бригада жөнөтүлдү, аларга кошумча Бишкектен дагы беш бригада кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кой-Ташка Чукул медицина борборунун башчысы Искендер Шаяхметов да кетти.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү аракетинен майнап чыккан жок. Бир жоокер курман болуп, күч органдарынан жана жай тургундардан сексендей адам жараат алды.

Ушу тапта Атамбаевдин үйү кайрадан курчоого алынууда. (SE)

XS
SM
MD
LG