Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

«Республика»: Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келүүнү чечти


Өмурбек Бабанов.
Өмурбек Бабанов.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келүүнү чечти. Бул тууралуу бүгүн партия тараткан билдирүүдө айтылат.

Партия президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырды.

«Абалдын курчушун бирге токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз» деп айтылат билдирүүдө.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал учурда Москвада.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү аракетинен майнап чыккан жок. Бир жоокер курман болуп, күч органдарынан жана жай тургундардан сексендей адам жараат алды.

Ушу тапта Атамбаевдин үйү кайрадан курчоого алынууда. (RK)

XS
SM
MD
LG