Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө тиреш уланууда.
«Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү Атамбаевдин үйүнө киришти. Бирок ичинде ким бар-жогун айтпай жатышат. Операцияга 1,5-2 миңдей милиционер катышууда.
Атамбаев өзү кармалганы тууралуу маалымат жок.
Айылда мобилдик байланыш жана Интернет жок.
Күч кызматкерлери Атамбаевдин тарапкерлерин көздөн жаш агызуучу, кулак тундуруучу гранаталар менен качырышты. Бул каражаттар журналисттерге карата да колдонулду.
Жеринде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жүрөт.
Адамдар жабыркаганы тууралуу так маалымат жок, ал жерде «Тез жардам» бригадалары иштеп жатышат.
Үйдөн тарапташтарын айдап чыгышканы менен Кой-Таштын кире беришинде чогулгандар күч органдарына дагы эле таш ыргытып жатышат. (JE)