Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Кыргызстанга Казакстан менен Беларустун өкмөт башчылары келди


Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Казакстандын жана Беларустун премьер-министрлери Аскар Мамин менен Сергей Румас Евразия өкмөт аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аларды Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Иш сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчыларды Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алары күтүлүүдө.

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG