Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан бери жөө келатат


Кой-Таш, 2019-жылдын 8-августу.
Кой-Таш, 2019-жылдын 8-августу.

500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан төмөнкү айылдарды аралап, Бишкекти көздөй түшүп келатат.

«Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, аларга тоскоолдук кылып, каршылык көрсөткөндөр болуп жатат. Ошондуктан айрым учурда кулак тундуруучу жана башка атайын каражаттар колдонулууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Ички иштер министрлигине суракка алып кетүү аракети 7-августта көрүлүп, ишке ашпай калган. Бүгүн аны Кой-Таштагы үйүнөн күч органдары ИИМге алып кеткени кабарланууда, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин үч жолу суракка чакырылган.

7-августтагы операциядан кийин 80дей адам жараат алды, бир күч кызматкери мерт болду. (SDz/TSh)

XS
SM
MD
LG