Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Кой-Таш: Эки күндө ооруканага кайрылгандардын саны 98 адам болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 8-августта Кой-Таштагы окуялардан улам медициналык мекемелерге 20 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сегизи мээси чайкалып, омурткасы, моюну жабыркап Травматология жана ортопедия борборуна, тогузу Курортология жана калыбына келтирүү илимий институтуна, үчөө көзү менен санынан жараат алып Улуттук госпиталга кайрылды. Алардын абалы орточо оор жана туруктуу оор деп мүнөздөлүүдө.

Бүгүн кайрылгандардын 16сы алгачкы жардам алып, үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Жалпысынан кечээтен бери жабыркагандардын саны 98 адам болду, алардын бири, УКМКнын «Альфа» тобунун кызматкери Үсөнбек Ниязбеков оор жарааттан өзүнө келе албай каза тапты.

Учурда ооруканада жаткандардын саны 13 адам, алардын 9у Травматология жана ортопедия борборунда, экөө Чүй облустук ооруканасында, экөө Улуттук госпиталда. (RK)

XS
SM
MD
LG