Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жолдубаева, Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары милицияда кармалып турат


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имаратында экенин билдирди.

- Мага Кундуз жазыптыр «ИИМге алып келди» деп. Бирок аларды кандай негизде кармап отурганы айтыла элек. Убактылуу кармалуудабы же кандайдыр бир күнөө койгону жатабы белгисиз. Ал эми Атамбаевдин жактоочусу УКМКга кирип кетти, - деди Равшан Жээнбеков.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн 8-августта кечки саат төрттө башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

ИИМ мажбурлап алып келүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG