Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Кыргызстанга келди


Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

Пашиняндан мурун Орусиянын, Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Дмитрий Медведев, Аскар Мамин жана Сергей Румас келишкен.

Премьер-министрлерди президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG