Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана башкалар катышты.
Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү операция учурунда алган оор жарааттан каза болгон. Ал жерде Атамбаевди суракка алып кетүү аракети ишке ашпай калган. Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча күбө катары суракка ага чейин үч жолу чакырылып, барбай койгон. Ал 8-августта кармалды.
47 жаштагы Ниязбеков Орусияда жашаган кыргызстандык акын Өктөм Маманованын уулу, эгиздин түгөйү. Артында алты баласы калды - улуусу 25те, кичүүсү бир жашта. (SA)