Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында 15 маселе каралды


Чолпон-Ата. 9--август, 2019-жыл.
Чолпон-Ата. 9--август, 2019-жыл.

Чолпон-Атада Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын премьер-министрлери катышты.

Өкмөт башчылар бажы төлөмдөрүн каттоо жана уюмга кирген өлкөлөрдүн бюджети арасында бөлүштүрүү, маалымат жаатындагы кызматташтык, уу калдыктарын текшерүү, айыл чарба, өндүрүш тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулап, тиешелүү документтерге кол коюшту.

Жалпысынан 15 маселе каралып, анын арасынан алкоголдук базарды жөнгө салуу тармагына өзгөчө көңүл бурулганы белгилүү болду.

Уюмдун кийинки отуруму быйыл 25-октябрда Москвада өтмөй болду. (KS)

XS
SM
MD
LG