Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Кой-Таштагы окуялар боюнча Жээнбеков менен Мискенбаев суракка чакырылды


Кой-Таш. 7-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 7-август, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаев ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Жээнбеков Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу чакырылганын «Азаттыкка» билдирди.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жараат алды. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын алты аскерин 7-августта барымтага алып, эртеси коё беришкен.

Соңку окуяларда Жээнбеков жана Мискенбаев Кой-Ташта жүргөн. Алар Атамбаев катышкан иш-чараларда сөз сүйлөшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG