Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Сейитбек Атамбаев суракка чакырылып, кайра коё берилди


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев суракка чакырылып, кайра коё берилди. Бул тууралуу анын бир тууганы, Атамбаевдин башка бир уулу Сейтек Атамбаев билдирди.

Мунун алдында Интернетке Атамбаевдин баласы сурак берип жаткандай видео тарап, анын камалганы жазылган.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. 7-августта аны кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жараат алды. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын алты аскерин 7-августта барымтага алып, эртеси коё беришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG