Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Италиянын вице-премьери чукул шайлоо өткөрүүгө чакырды


Италиянын вице-премьер-министри Маттео Сальвини.
Италиянын вице-премьер-министри Маттео Сальвини.

Италиянын вице-премьер-министри жана «Лига» партиясынын лидери Маттео Сальвини өкмөттүн ыркы кеткенин билдирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып чыкты.

Ал премьер-министр Жузеппе Конте менен жолугушуусунда парламент кийинки жумада тиешелүү чечим кабыл алышы керек экенин айтты.

Сальвининин коалициялык көпчүлүктөгү өнөктөшү, «Беш жылдыз кыймылы» популисттик партиясынын лидери Луиджи ди Майо вице-премьердин билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Бирок буга чейин бул кыймыл да «Лига» партиясы менен пикир-келишпестиктен улам коалициядан чыгуу ниетин билдирген эле.

Жогорудагы эки партия Италиянын парламентиндеги коалициялык көпчүлүктүн негизин түзөт. Өкмөттөгү соңку кайчы пикирлерге Италиянын Турин шаары менен Франциянын Лион шаарын байланыштырган темир жол курулушунун долбоору себеп болду. Сальвини жетектеген «Лига» партиясы «Беш жылдыз кыймылынын» каршылыгына карабай бул долбоорду колдоп чыккан.

XS
SM
MD
LG