Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Солтон-Сарыда 300дөй адам чогулуп, Бишкектен кошумча күч тартылды


Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилүүдө. 7-август, 2019-жыл.
Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилүүдө. 7-август, 2019-жыл.

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тушундагы автожолдун боюнда ушу тапта үч жүздөй адам чогулуп турат.

Нарын облустук милициясынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн Бишкектен кошумча күч тартылды.

Чогулгандар буга чейин президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу жибергенин, бирок жооп болбой жатканын айтышты.

Облус башчысы Аманбай Кайыпов сүйлөшүүлөргө ар бир айылдан бештен киши тартууну сунуш кылып, нааразылык акциясына чыккандарга эч ким тийбей турганын айтты.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Ал окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганы кабарланган.

7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар бийликке кайрылып, 5-августтагы окуя үчүн эч кимди камабоо, жалпы аймакта кен иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий жарыялоо боюнча талаптарды коюшкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG