Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:18

Меккеде үч кыргызстандык зыяратчы каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында кыргызстандык үч зыяратчы каза болду. Бул маалыматты «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев ырастады. Кыргызстандыктардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилди.

Каза болгондордун аты-жөнү жана өлүмүнүн себептери айтылган жок.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты менен 16-июлда жөнөп кетишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG