Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

АКШнын өкүлү Кыргызстандагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди


Элис Уэллс.
Элис Уэллс.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучусу Элис Уэллс Кыргыз Республикасындагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди. Анда Уэллс айым бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөгөн.

«Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча, биз шайланган демократиялык институттарга жана мыйзамдын үстөмдүгүн карманууга туруктуу колдообузду билдире турганыбызды баса белгилеп кетебиз. Бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөйбүз», деп айтылат Элис Уэллс​тин билдирүүсүндө.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды.

Бүгүн, 9-августта Кой-Таштагы окуяга байланыштуу Атамбаевдин айрым тарапташтары жана КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова күбө катары суракка чыкырылды. Аталган партиянын төрайымынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка камалды. Анын бөгөт чарасы ишемби күнү каралат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG