Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Алия Шагиева: Атамды мыйзамсыз кармашты


Алия Шагиева.
Алия Шагиева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева 9-августта "Инстаграмдагы" баракчасына атасынын кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Ал өз билдирүүсүндө атасы мыйзамсыз кармалганын, учурда “укуктук эрежелер бузулуп, оппозициялык телеканалдар өчүрүлүп, жалган маалымат таратылып жатканын” билдирген.

“Менин атамды кримтөбөл Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышына байланыштуу ойго келбеген, токулган иш боюнча суракка алууга аракет кылышты. Бирок чындыгында атамды башка өнөктөштөрүндөй эле оппозициялык ишмердиги үчүн гана камакка алууну каалашкан”, - деди Алия Шагиева.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды.

Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенине байланыштуу иште күбө катары суракка баруудан үч жолу баш тарткан.

9-августта Кой-Таштагы окуяга байланыштуу Атамбаевдин айрым тарапташтары жана КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова да күбө катары суракка чакырылды. Аталган партиянын төрайымынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка камалды. Анын бөгөт чарасы ишемби күнү каралат.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин жабыркагандардын саны 98 адамга жеткен.

XS
SM
MD
LG