Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:42

Красноярсктагы курал-жарак кампасында кайрадан жарылуу болду


5-августтагы жарылуу.
5-августтагы жарылуу.

9-августта Орусиянын Красноярск аймагындагы Ачин шаарынын чекесинде жайгашкан курал-жарак кампасында жаңы жарылуу болду. Андан сегиз иши жабыркаганы кабарланууда.

Жаңы жарылууга чагылган себеп болгонун Орусиянын Борбордук аскердик округунун басма сөз кызматы билдирди. Жаракат алгандардын арасында күч органдарынын өкүлдөрү жана кеминде бир күзөтчү бар.

Интернетке жарыяланган видеолордон кампаны жалын чулгаганын, түтүн асманга көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

5-августта бул кампадагы жарылуудан бир киши каза таап, онго чукул адам жаракат алган. Миңдеген адамдар коопсуз жерге көчүрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG