Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кой-Таштагы окуя боюнча КСДПнын депутаттары сурак берип чыкты


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. 9-август, 2019-жыл
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. 9-август, 2019-жыл

9-августта Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары, КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков жана башкалар күбө катары сурак берип чыгышты. Аларга Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар, Атамбаевди кармоого келген "Альфанын" кызматкерлеринин барымтага алынышы тууралуу суроолорду беришкен. Саясатчылар тергөөнүн купуялуулугун ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп беришкендиктен сурактын чоо-жайын айта алышпасын белгилешти.

Ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев сурак берип чыккан.

Ал эми КСДПнын төрайымынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка камалды. Анын бөгөт чарасы ишемби күнү каралат.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды. Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенине байланыштуу иште күбө катары суракка баруудан үч жолу баш тарткан.

XS
SM
MD
LG