Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан жаракат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Учурда ал жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган, эсине келе элек.
Саламаттык сактоо министрлиги полковник Курманкуловдун абалына өлкөдөгү эң тажрыйбалуу дарыгерлер көз салып жатканын билдирип, муктаждык болсо чет өлкөдөгү ооруканаларга которууга бардык аракет көрүлөрүн кабарлады.
Буга чейин Курманкуловдун кесиптештери жараат алган полковникти чет өлкөдөгү ооруканага дарылатуу үчүн каражат чогултуп жатканы айтылган эле.
Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Мурдагы президентти кармоо боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин “Альфа” ыкчам тобу жүргүзгөн операция оңунан чыкпаган соң Кой-Таш айылына милиция күчтөрү тартылган. Ошол жерге чогулган эл менен милиция ортосундагы кыска кагылыш учурунда Курманкуловдун башына таш тийген.
7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин жабыркагандардын саны 98 адамга жеткен.
Учурда ооруканада жаткандардын саны 20 адам, алардын 13ү Травматология жана ортопедия борборунда, үчөө Чүй облустук ооруканасында, төртөө Улуттук госпиталда. (BkA)