Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы 7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык жана УКМК кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапкери суралды. Алардын ичинен КСДПнын штабынан өкүлдөрү Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев убактылуу кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Социал-демократиялык фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина ырастады.
Алга Кылычев Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы деп айтылып келген.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операция учурунда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен тарапкерлери ортосунда кагылышуу болгон. Анда жалпысынан 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми алты жоокерди мурдагы президенттин тарапкерлери бир күн кармашып, кийинки күнү бошотушкан.
Бул операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды.(BkA)