Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

«Медиа Форумдагы» «Апрелден» башка радиолор иштеп жатат


«Медиа Форум» имараты
«Медиа Форум» имараты

Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык деген негизде күч органдарынын кызматкерлери тарабынан жабылган «Медиа Форум» имаратынын ичиндеги «Европа плюс», «Кыргызстан обондору» радиолору иштеп жатат. Бул тууралуу «Европа плюс» радиосунун таңкы эфиринин редактору Айжана Кулибаева «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, 9-август күнү кечинде имарат камакка алынган соң бир канча убакыт эч ким кире алган эмес.

- Эртең менен биздин радионун кызматкерлери күбөлүктөрүн көрсөтүп кире башташты. Биздин кызматкерлер жумушта, иштеп жатышат. «Европа Плюс», «Кыргызстан обондору», «Ретро ФМ» радиолору, «Я» телеканалы ишин уланууда», - деди Кулибаева.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камоого алган. Бул аракетти айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG