Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Кой-Ташта жабыркаган 14 адам ооруканада дарыланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таштагы кагылыш учурунда 136 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 109 адам медициналык мекемелерге кайрылса, 27 адамга Кой-Таш айылында жардам көрсөтүлгөн.

Учурда 14 адам ооруканада дарыланууда. Анын ичинен Бишкек травматология жана ортопедия борборунда жети адам, Улуттук госпиталда төрт, Чүй облустук ооруканасында эки, ал эми Ысык-Ата райондук ооруканасында бир адам жатат.

Учурда Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Ал эми калгандарынын абалы канааттандырарлык экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG