Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

Өкмөт: Нарында абал туруктуу


Солтон-Сары. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилүүдө. 7-август, 2019-жыл.
Солтон-Сары. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилүүдө. 7-август, 2019-жыл.

Нарындагы Солтон-Сары кенине байланыштуу нааразы болгон адамдар тараганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Кара-Чий айылынын жанында чогулган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн соң боз үйлөрүн чечип, тарап кетти. Жолугушуу учурунда өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов "учурдагы саясий абалды эске алуу менен чогулгандар чагымчылыкка жана бузуку күчтөргө алданбашы керектигин" эскерткен.

Бирок жергиликтүү айрым тургундардын айтымында, буга чейинки акцияларга катышкандар камалбай турганын убада кылып, Кайыпов тил кат жазып берген соң жергиликтүүлөр тарап кетишкен. Эми мындан ары алар абал боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын күтөрүн билдиришүүдө.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Ал окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганы кабарланган.

7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар бийликке кайрылып, 5-августтагы окуя үчүн эч кимди камабоо, жалпы аймакта кен иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий жарыялоо боюнча талаптарды коюшкан. (BkA/MiK)

XS
SM
MD
LG