Бүгүн, 10-августта Орусиянын бир нече шаарында таза шайлоо өткөрүү талабы менен акциялар өтүп жатат. Учурда Москва, Хабаровск шаарларында башталары күтүлүп жатса, Иркутск, Новосибирск, Омск, Кемеров, Томск шаарларында башталды.
Новосибирск шаарынын борбордук бөлүгүнө 200дөн ашык адам чогулган. Жаан жаап жатканына карабай чогулгандар “Шайлоого катыштыр” деген ураандарды чакырууда.
Ал эми Москвада акция жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө башталганы жатат. Уюштуруучулар борбор калаадагы акцияга жүз миңге чейин адам келет деп убада кылууда.
Буга чейин Москва шаардык думасына шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан. Буга нааразы болгондор акция өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө 1000дөн ашык адам кармалган болчу.