«Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тараткан түшүндүрмөдө айтылат. Анда «Апрель» телеканалын камакка коюу анын редакциялык саясатына, көрсөтүүлөрүнүн мазмунуна же бийликке карата позициясына байланышы болбогону белгиленген.
«"Апрель" телеканалы мамлекеттик органдарга карата ачык сын көз карашы менен белгилүү болчу. Ал иштеген жылдары маалыматтык саясаты үчүн куугунтукка алынган жок. Оор кылмыш үчүн шек саналган адамдын мүлкү катары гана камакка коюлду», деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.
Ушундан улам мамлекеттик орган бул маселени саясатташтырбоого чакырды.
9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.
«Апрель» телеканалы коррупцияга шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. (BkA)