Бишкектин Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы каралууда. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, колуна кишен салынган Ниязовду күч органдары сот залына алып келишти. Ниязов 7-августта Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын “Альфа” ыкчам бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө.
8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратына алып келинген. Ниязов 48 саатка Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген болчу.
Учурда УКМКнын Тергөө абагында кармалып турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка төрт тарапкери: Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычев, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. (BkA)