Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Москвада Любовь Соболдун кеңсесине полиция кирип барды


Любовь Соболь
Любовь Соболь

Москвада полиция кызматкерлери активист Любовь Соболдун шаардык кеңешке талапкер катары катталуу үчүн кол чогултуп жаткан борборуна кирип барды.

Маалыматка ылайык, полиция имараттын эшигин талкалап кирген. Полиция кызматкерлери Соболдон интервью алуу үчүн күтүп турган “Дождь” телеканалынын журналисттерин жерге жаткырган. Учурда Соболь имараттын ичинде кармалып турганы белгилүү болду.

Любовь Соболь бүгүнкү акцияга катыша албай турганын билдирип, анын катышуучуларына ишенерин "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ошондой эле полиция кызматкерлери "Навальный Live" студиясына да кирип барганы кабарланууда.

Орусиянын бир нече шаарында таза шайлоону талап кылган акциялар өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG