Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

«Адилеттик үчүн» комитети: «Апрелдин» жабылышы - эркин медиага басым


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын суроолоруна жооп берүүдө.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын суроолоруна жооп берүүдө.

«Адилеттик үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине, өз алдынча медиага басым катары баалайт. Бул тууралуу аталган комитет тараткан билдирүүдө айтылат.

Комитет «элдин эркин маалымат алуу укугун чектөө, альтернативалуу жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, аларды коркутуп-үркүтүү демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттерге жат көрүнүш болушу керек» экенин белгилеген. Ошондой эле комитет мүчөлөрү эркин жана оппозициялык медиага болгон кысымды токтотууга чакырды.

«Апрель» каналынын мүлкүн камакка коюуну буга чейин «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да сынга алып, бийликти мындай иш-аракеттерди токтотууга чакырган.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон.

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык канал оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG