Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калды


Фарид Ниязов сотто. 10-август, 2019-жыл
Фарид Ниязов сотто. 10-август, 2019-жыл

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов ушул жылдын 8-октябрына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Маалыматка ылайык, Ниязовго Кылмыш кодексинин 244-беренеси ("Адамды барымтага алуу"), 264-беренеси ("Массалык башалмандык уюштуруу") жана 43-беренеси ("Кылмышка катышуу") боюнча айып тагылды.

Сотто Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы каралууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

Фарид Ниязов 7-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын “Альфа” ыкчам бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Тергөө абагында отурат. Анын тарапкерлери, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычев, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев да камакка алынган. Учурда үчөөнүн бөгөт чарасы Биринчи май райондун сотунда каралууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG