Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Атамбаевдин үч тарапкеринин бөгөт чарасы аныкталды


Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Кыяз Смайлов, Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Аталган адамдар 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын аскерлерин барымтага алган жана массалык башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.

Буга чейин дал ушундай эле айып менен Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынган.

Алга Кылычев Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы, Кыяз Смайлов болсо быйыл Атамбаевди коргоо үчүн түзүлгөн “Элдик штабдын” башчысы деп айтылып келген.(BkA/GT)

XS
SM
MD
LG