Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Орусиядагы акыркы акция маалында 325 киши кармалды


Москвадагы акция.
Москвадагы акция.

10-августта Орусиянын бир нече шаарында таза шайлоо өткөрүү талабы менен өткөн акциялар маалында 325 киши кармалды. «ОВД-Инфо» байкоо борборунун маалыматы боюнча, акциялардын жүрүшүндө Москвада 229, Петербургда 81, Ростов-на-Донуда 13 жана Брянскиде эки адам кармалды.

Москвада Сахаров проспектинде өткөн митингде Орусиянын баш калаасынын шаардык кеңешине бир нече талапкерди каттоо тууралуу талаптар айтылды. Ошондой эле митингчилер 27-июлдагы митинг учурунда козголгон кылмыш иштерин жабууну талап кылышты. Уюштуруучулар акцияга 60 миңге жакын адам катышты деп эсептешсе, Ички иштер министрлиги бул күнү көчөгө чыккандардын саны 20 миң адамды чамалаганын билдирди.

Митингчилердин бир бөлүгү акциядан соң адамдар кармалып жаткан Москванын «Китай-город» бөлүгүнө багыт алышты.

Петербургда акция өткөрүүгө шаар бийлиги уруксат бербегенине карабай бир нече адам көчөгө чыкты.

Москвада нааразылык акциялары 14-июлдан бери уланып жатат. Буга Москва шаардык думасына шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудков, Любовь Соболь, Илья Яшин, Константин Янкаускас, Иван Жданов, Юлия Галямина, Елена Русакова сыяктуу бир нече оппозициячыл активисттерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартканы себеп болгон.

Буга чейинки акциялар учурунда 1000ден ашык адам кармалып, анын ичинен 13 адамга «Массалык баш аламандык уюштуруу», «Полицияга баш ийбөө» беренелери боюнча айып коюлган.

XS
SM
MD
LG