Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Бишкекте 8-август түнү кармалган беш адам эки айга камалды


Ала-Тоо аянты. 8-август, 2019-жыл.

Биринчи май райондук соту Бишкекте 8-августан 9-августка караган түнү коомдук тартипти бузуп, башаламандык үчүн айыпталган беш кишинин ишин карап, эки айга камакка алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын өкүлү Асел Равшанбекова билдирди.

Маалыматка ылайык кармалгандарга Жазык кодексинин 266-беренесинин менен («Ээнбаштык» жана «Бирөөнүн мүлкүнө кол салуу») айып коюлууда. Тергөөнүн версиясы боюнча алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин Бишкек шаарындагы Ала Тоо аянтына топтолуп, башаламандык кылууга аракет кылышкан.

Бул тартип бузуу фактыларына байланыштуу кырктан ашык адам кармалып, убактылуу камалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирген. Калгандарынын жагдайы тууралуу ИИМ кеңири маалымат таратыла элек. (GT/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG