Нью-Йоркто түрмөдө 66 жаштагы америкалык миллиардер Жеффи Эпштейндин жипке асылган сөөгү табылды. Ушул жылдын июль айында Эпштейнге «жашы жете элек кыздарды жыныстык кулчулукка мажбурлаган» деген айып коюлган.
Укук коргоо органдары миллиардер өз жанын өзү кыйганын кабарлашты.
Жеффи Эпштейндин кылмыштуу аракеттери тууралуу алгачкы маалыматтар 2005-жылы чыккан. Анда ишкер Флорида штатындагы өз үйүнө секелек кыздарды чакырып, ыплас жоруктарга мажбурлаганы айтылган. Ал кезде Эпштейн прокуратура менен кызматташууга макул болуп, түрмөдөн кутулуп келген эле. Быйыл июль айында болсо дал ушул айып боюнча ишкер камакка алынган.
Жеффи Эпштейн бир нече саясатчылар жана таасирдүү адамдар менен байланышы бар ишкер катары белгилүү болчу. Анын бир нече жолу АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп, мурдагы президенти Билл Клинтон, британ ханзаадасы Эндрю менен сүйлөшүп турган тасмалары чыккан. BBC 2002-жылы Дональд Трамп «New York Magazine» басылмасына Эпштейнди «жакшы жигит» деп айтканы жөнүндө жазып чыккан. Ал эми кийинчерээк Трамп миллиардер менен байланышы жок экенин айткан эле.