Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Пакистан Индия менен акыркы автобус каттамын токтотту


Пакистанда Индия өкмөтүнүн чечимине каршы демонстрациялар башталды. Исламабад, 5-август, 2019-жыл.

Пакистандын жетекчилиги өлкөнү Индия менен байланыштырган акыркы автобус каттамын токтотту. Өлкөдөгү Лахор аймагынан Индиянын борбору Нью-Делиге каттаган автобусту токтотууга Индиянын жетекчилигинин 5-августтагы чечими себеп болду.

Анда Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Мындай чечимге каршы болгон Пакистан бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде кароону сунуш кылган эле.

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен.

Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан.

Нарендра Моди жетектеген Индия өкмөтүнүн акыркы чечими бул аймакты өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алуу укугунан ажыратты.

XS
SM
MD
LG