Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

КСДПнын расмий өкүлү тергөөдө мыйзам бузулганын айтып чыкты


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы окуялардын күбөсү катары сурак маалында укугу бузулганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, 10-августта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында ал 15 сааттан ашык суракка алынган. Андан соң чөнтөк телефонун тергөөчүлөр күч менен тартып алганын айткан Жолдубаева адвокаты менен кошо сотко арыз даярдап жатканын билдирди.

Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Жолдубаева күбө катары өтүп жаткандыктан күч колдонуу менен жеке буюмдарын тартып алууга негиз жок болчу.

- Мыйзам боюнча күбөнү 8 сааттан ашык эс алуусуз суроого жол берилбейт. Жолдубаеваны болсо 15 сааттан ашык суракка алышты. Экинчиден, тамактанууга убакыт берген жок. Үчүнчүдөн күбөдөн «жеке тинтүү» жүргүзүлбөш керек болчу. Төртүнчүдөн ал макул болбогон учурда күч менен чөнтөк телефондорун тартып алышты, - деди Жоошев.

Адвокат буга байланыштуу 13-августта сотко кайрыларын кошумчалады.

Ал эми бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги эч кандай комментарий бере элек.

КСДПнын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин расмий өкүлү болгон Кундуз Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары суралып жатат.

Анда Атамбаевди кармаганы барган «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлери барымтага алынып, командири Үсөн Ниязбеков ок тийип каза болгон эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG