Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:54

Ысык-Көлдө бир күндө төрт киши сууга чөгүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Анын айтымында, 10-августта аба ырайы кескин өзгөрүп, көл жээгинде катуу шамал болгон. Ошондон улам көлдө толкун күчөп, суу ичиндеги бир топ адамдар чыга албай калышкан. Натыйжада Чолпон-Атада 29 жаштагы, «Бостери» эс алуу жайында 30 жаштагы жигит, 12 жаштагы өспүрүм жана Кош-Көл айылында дагы бир адам чөгүп кетти.

Былтыр жайкы эс алуу мезгилинде Ысык-Көл районунун аймагынан 23 киши чөгүп каза болгон. Быйыл ушул мезгилге карата 13 адам каза болду. (KS)

XS
SM
MD
LG