Норвегиянын бийлиги бир күн мурда Ослонун чекесиндеги мечитте болгон ок атууну «террордук акт уюштуруу аракети» катары иликтеп жатат. Колго түшкөн шектүү «ашкере оңчул» жана «иммигранттарга каршы» көз караштарды карманганы белгилүү болгонун полиция 11-августта билдирди. Шектүү «норвегиялык жаш жигит» деп мүнөздөлдү.
Ишемби күнү баш калаадагы «Аль-Нур ислам борбору» аттуу мечитте куралдуу адам ок аткан. Ал учурда имараттын ичинде жүргөн бир киши кол салган адам менен кармашып, аны токтотуп калууга үлгүргөн.
Бул чабуулдан көп өтпөй шектүү менен байланышы бар бир келиндин сөөгү Берум конушундагы үйүндө табылган. Кол салуу болгон мечит дал ушул райондо жайгашкан.
Быйыл Жаңы Зеландиядагы эки мечитте болгон, 50дөн ашуун кишинин өмүрүн алган кол салуудан кийин Ослодогу бул мечитте коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.