Ооган президенти Ашраф Гани сентябрь айына белгиленген президенттик шайлоону убагында өткөрүш керек экенин айтып, чет өлкөлөрдүн кийлигишүү аракетин сынга алды.
Ал 11-августта Курман айтка карата элге телекайрылуу менен чыгып, өлкөдө шайлоо аркылуу бийликке келген мыйзамдуу жана күчтүү өкмөт болбосо ооган эли тынчтыкты толук орното албай турганын айтты. Ошондой эле мындай тынчтыкты Ооган Ислам Республикасы менен «Талибан» кыймылынын ортосунда гана камсыз кылса болорун белгиледи.
- Биздин келечегибиз өлкөнүн сыртында чечилбейт. Ооганстандын тагдыры ушул жерде гана чечилет. Биздин маселелерге башка бирөөнүн кийлигишүүсүн каалабайбыз, - деди Гани.
АКШ менен талибдер Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу маселесинде мунаса табууга жакын калганы кабарланып келет. Катарда өтүп жаткан бул сүйлөшүүлөргө Кабулдун Батыш колдогон өкмөтү катышкан жок.
Вашингтон «Талибан» кыймылы менен келишим 1-сентябрга карата жыйынтыкталып калышы мүмкүн экенин билдирген. Айрым америкалык расмий өкүлдөр эгер келишимдин негизинде Ооганстанда курамына талибдер да кирген өкмөт курала турган болсо, 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоо жылдырышы мүмкүн экенин ишарат кылышкан.