Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Гонконгдо демократиячыл активисттер кайра көчөгө чыгышты


Гонконгдогу 21-июлдагы акция.
Гонконгдогу 21-июлдагы акция.

Гонконгдун полициясы онунчу жума катары менен каршылык акциясына чыккан демонстранттарды таратыш үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. 11-августта миңдеген демократиячык активисттер полициянын тыюу салганына карабастан кайрадан жүрүшкө чыгышты. Алар шаардын өкмөтү жана ири бизнес кеңселери жайгашкан бөлүгүндө жол кыймылын үзгүлтүккө учуратышты.

Мындай акциялар Гонконгдогу ондогон жылдардан берки эң ири саясий кризис жана расмий Бээжин үчүн олуттуу маселе катары мүнөздөлүп жатат.

Шаарда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

6-августта Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоого» чакырган.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG