Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Орусия митингдер боюнча "Google" компаниясын айыптады


10-августта Москвада өткөн акция.
10-августта Москвада өткөн акция.

Москва "Google" корпорациясын "бийлик уруксат бербеген жүрүштөрдү жарнама кылып жатат" деп айыптады. Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси "YouTube" видео порталындагы мындай жарнамаларды токтотуу талабы менен америкалык компанияга тиешелүү кат жөнөткөнүн 11-августта билдирди.

"Маалым болгондой, "YouTube" каналдарына ээлик кылган бир катар тараптар уруксат берилбеген массалык иш-чаралар, алардын ичинде федералдык жана аймактык шайлоолорду үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат жайылтуу максатында жарнама инструменттерин сатып алышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Ишемби күнү Москвада көз карандысыз талапкерлердин 8-сентябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуусуна уруксат берүүнү талап кылган кезектеги жүрүш өткөн. "Белый счетчик" көз карандысыз мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча, ишембидеги акцияга 60 миңдей адам катышты.

Бул 2011-жылы Болотная аянтында өткөн акциялардан берки эле эң ири демонстрация катары мүнөздөлүүдө. Бирок орус полициясы 10-августтагы акцияга 20 миңдей гана киши келгенин билдирүүдө. Үчүнчү апта катары менен өткөн бул акцияда 250дөн ашык адам кармалды.

XS
SM
MD
LG