Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Орусия аркылуу Европага баңгизат жөнөткөн топ аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжайда баңгизат ташуу боюнча эл аралык каналдын жолу буулду. Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңгизаттарды Орусияга, андан ары Европага жөнөткөн жарандар аныкталды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында баңгизат жүктөлгөн оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү машине Кара-Көл шаарынын кармалган. Буга Кара-Көл шаардык Жол коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жардам беришкен.

Автоунаанын айдоочусу машинеге 19 тонна шабдаалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана жүктү Орусияга алып барарын түшүндүргөн. Милиция кызматкерлери автоунаага тинтүү жүргүзгөндө мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, алдын-ала салмагы 44 кг 300 грамм болгон зат табылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында ал героиндин 999 деген түрү экендиги белгилүү болду.

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG