7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуяда жабыркаган 14 киши ооруканаларда дарылануусун улантууда. Алардын арасында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бардык жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева «Азаттыкка» Кой-Таштагы окуяда жабыркаган Сыргак Мамбеталиевдин абалы оорлоп кеткенин билдирди. Анын айтымында, Мамбеталиевге ок тийген.
Жалпысынан Кой-Таштагы кагылыш учурунда 136 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. 109 адам медициналык мекемелерге кайрылса, 27 адамга жеринде жардам көрсөтүлгөн.
Учурда Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Министрлик ал дарылануусун Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда уланта турганын аталган кабарлаган. (КЕ)