Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Пакистанда нөшөрлөп жааган жаандан 160тан ашуун киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистанда июль айындагы нөшөр жаанда каза болгондордун саны кеминде 161ге жетти. Бул тууралуу Кытайдын «Синьхуа» агенттиги Пакистандын Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү башкармалыгына таянып жазды. Карачи шаарында 20дай киши каза болгонун 12-августта DPA кабарлады. Айрым райондордо суунун деңгээли 191 миллиметрге жетти. Жаандан кийин электр мамыларынын жана чатырлардын кулашы киши өлүмүнө алып келген жагдайлардын бири болду.

12-августта жаан-ачын басаңдашы күтүлүүдө. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жарандык кызматкерлер сууну сордуруп жатышат.

XS
SM
MD
LG