Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

АКШ менен талибдердин кезектеги сүйлөшүүсү соңуна чыкты


АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад.

Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттар менен «Талибан» радикал тобунун кезектеги сүйлөшүүсү жыйынтылды. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулло Муджахидге шилтеме кылып «Reuters» агенттиги жазды.

- Сүйлөшүү узак жана пайдалуу болду. Эки тарап тең кийинки кадамдар туурасында өз лидерлери менен кеңешүүнү чечишти, - деди ал.

Сүйлөшүүнүн 8-айлампасы 3-августта Катардын борбору Дохада башталган. «Reuters» сүйлөшүүдө келишим түзүлсө аны ишке ашыруучу механизмдер жана техникалык бөлүктөр камтылганын америкалык өкүлдөрдүн айтканына таянып жазды.

Талибдердин Дохадагы саясий мекемесинин өкүлү Мухаммад Сохаил Шахин «Талибан» Ооганстандагы согушка чекит коё турган АКШ менен келишимге жетишээрине ишенерин 1-августта билдирген. Ал бул жолку сүйлөшүүнү «чечүүчү айлампа» деп атаган.

Буга чейин, АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүнүн буга чейинки айлампасы “өтө ийгиликтүү” өткөнүн жарыялап, келишим америкалык аскерлерди чыгаруу эмес, эң оболу Ооганстандын тынчтыгына багытталышы зарыл экенин айткан.

АКШ менен талибдер Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу маселесинде мунаса табууга жакын калганы кабарланып келет.Катарда өтүп жаткан бул сүйлөшүүлөргө Кабулдун Батыш колдогон өкмөтү катышкан жок.

XS
SM
MD
LG