Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:34

«Ачык саясат» гезитинин журналисти суракка чакыртылды


УКМК.

«Ачык саясат» гезитинин журналисти Нуркыз Бакасова бүгүн, 12-августка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» журналист өзү билдирди. Атайын кызматтан ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары маалымат берерин айтышкан.

- Мен Кой-Ташта журналисттик ишимди аткарып жүргөм. Бирок мени эмне үчүн суракка чакырып жатканы түшүнүксүз болуп жатат, - деди ал.

УКМК журналист Нуркыз Бакасованын суракка чакыртылышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев да 11-августта УКМКга сурак берип чыгышкан.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынды.

Кой-Ташта 7-8-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова баш болгон бир нече киши суракка чакырылды. Учурда КСДПнын дагы бир мүчөсү Рита Борбукеева сурак берип жатат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG