Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Гонконг аэропортунда учак каттамдары үзгүлтүккө учурады


Гонконгдо июнь айынан бери нааразылык акциялары токтобой жатат.
Гонконгдо июнь айынан бери нааразылык акциялары токтобой жатат.

Башкы терминалдагы нааразылык акцияларынан улам Гонконгдо учуп кете турган каттамдардын баары токтотулду. Аэропортто баштан-аяк кара кийим кийген жүздөгөн адам топтолуп, төрт күндөн бери бийликке каршылык билдирип жатат.

12-августта аэропорт жетекчилиги «митингдер ишке кедергисин тийгизди» деп билдирди. Гонконг аэропорту дүйнөдөгү өтө көп каттам тейлеген аэропорттордун бири болуп саналат.

Мунун алдында полиция нааразылык акцияларына чыккандарга каршы суу бүркчү машинелер пайдаланыларын жарыялаган.

Полициянын өкүлү Чан Кинквок суу чаччу машинелерди көргөзүп жатып «алар уруксат берилбеген акцияларда, курмандыкка жеткирген, мүлктү талкалоого же коомдук тартипке жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан массалык башаламандык учурунда колдонулат» деп билдирди.

Гонконгдун бийлиги суу чаччу машинелерди көздөн жаш чыгаруучу каражаттар жана желим октор эки жарым айдан бери өкмөткө каршы нааразылыкты токтото албагандан кийин алып чыкты.

11-августта демонстранттар менен полициянын кезектеги кагылышынан 45 киши жабыркады.

Шаарда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG